Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барды. Президентти Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алганын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.
Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов бар.