Бишкекте №78 мектептин директору пневмониядан каза болду. Эки күн мурда анын жолдошу да көз жумган

Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада пневмониядан каза болду. Маалыматты билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, директордун жолдошу 12-июлда Гансидеги стационарда көз жумган.

"Эже эки күн мурун эле жолдошун жерге берген. Ошол убакта өзүн жаман сезип жатканын айткан", - деп билдиришти Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан.

Ошондой эле Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектептин директору Гүлнара Туташева каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-07-14 23:18:00
Ыймандары саламат болсун! Жаман болуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан