
Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал санитардык чаралардын жана киргизилген тыюулардын сакталышына жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын ишин сынга алды.
Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын жакшы болушунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.
"Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла", - деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди.