Сооронбай Жээнбеков: "Биз Венгриянын 50 миллион доллар өлчөмүндөгү насыялык линиясын берүү ниетине кубанычтабыз"

"Бүгүн тарыхый күн. Биз Кыргыз Республикасы жана Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга жана документтердин олуттуу тобуна кол койдук. Бул чечим эки өлкөнүн жарандары үчүн чоң мааниге ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибиздин жаңы баракчасын ачтык", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-сентябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушууда айтты.

Өлкө башчы Виктор Орбанга Венгрияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун, анын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоого мүмкүн болгонун кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргыз-Венгер мамилелери өз ара урматтоонун негизинде динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Биз эки өлкө ортосундагы саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну макулдаштык. Премьер-министр Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө жасаган расмий сапарынан кийин биздин кызматташуубуз жаңы дем алды. Тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлдү. Анын биринчи жыйыны былтыр Бишкекте болуп өттү. Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттери үчүн бюджеттик орундардын саны көбөйдү. Быйыл Бишкекте Венгриянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилиги ачылды. Акыркы эки жылдын ичинде биздин байланыштар кыйла тыгыз боло баштады. Биз глобалдык коронавирус пандемиясына карабастан мамилелерибизди өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү улантып жатабыз", - деп айтты Жээнбеков.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Венгер өнүгүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана башка өтө маанилүү келишимдерге кол коюлгандыгын баса белгиледи.

"Бул фонд ушул жылдын аягына чейин иштеп баштайт деген үмүттөбүз. Венгрия тараптын 50 миллион доллар өлчөмүндөгү насыялык линиясын берүү ниетине кубанычтабыз. Бүгүн өтө маанилүү келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында кош салык, инвестицияларды коргоо, саламаттыкты сактоо, экономиканы санариптештирүү, айыл чарбасы жана башка тармактардагы келишимдер бар. Венгер тарапка биздин студенттер үчүн бюджеттик орундардын санын 75тен 150 орунга чейин көбөйткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан сырткары, бүгүн Будапештте эки өлкөнүн ишкерлер форуму өтүп жатат, ага катышуу үчүн Кыргыз жергесинен ишкерлерден турган делегация келген. Венгриянын жана жалпы Европанын рынокторунда биздин ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенем", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки тараптуу мамилелер ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөнү дагы ичине камтый тургандыгын кошумчалаган Сооронбай Жээнбеков, Будапешттеги сейил бакка кыргыздын дүйнөгө таанымал жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими үчүн венгер элине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан