Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу макулдашылды

"Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун визити өзгөчө болуп саналат, ал эки тараптуу кызматташууну жаңы мазмун менен толуктаарына бекем ишенем", - деп белгиледи Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан. Бул тууралуу ал Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Виктор Орбан Кыргыз мамлекети менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын билдирди.

Кыргыз-Венгер биргелешкен ишканаларын дагы каржылоого багытталган өнүктүрүү фонд уюштурулууда.

"Президент Сооронбай Жээнбеков менен эгерде фондго бөлүнө турган 50 миллион доллар акча каражаты сарпталса, фонддун каржылоосун кошумча көбөйтөбүз деп макулдаштык", - деди Виктор Орбан.

Мындан сырткары Виктор Орбан тараптар эки элди жакындаштыруунун маанилүү фактору болуп кала турган Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашкандыгын белгиледи.

"Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз", - дейт Орбан.

Ошондой эле кыргызстандык студенттердин квотасын 75 орундан 150 орунга көбөйтүү тууралуу келишим түзүлдү.

Венгриянын өкмөт башчысы кыргыз маданияты менен жакшы тааныш экенин кошумчалап, дүйнөлүк маданий кенчке салым кошкондугу үчүн Кыргыз мамлекетине сый-урмат көрсөтөрүн билдирди.

"Бала кезибизде жана өспүрүм курагыбызда "Биринчи мугалим", "Гүлсарат" кыргыз чыгармаларын көп окудук. Совет мезгилинде кыргыз жазуучуларынын көптөгөн чыгармалары венгер тилине которулган, биздин муун Кыргызстандын маданияты менен жакындан тааныш. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө венгерлер менен кыргыздарды бир эл катары эсептешерине кубанычтабыз", - деп белгиледи Виктор Орбан.

Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий визити үстүбүздөгү жылдын апрель айында күтүлгөн, бирок коронавирус пандемиясы бул жагдайга таасирин тийгизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан