2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээлге жараша түзүлөт. Ыкчам каржылоо зарылдыгына ээ болбогон чыгымдар убактылуу токтотулат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралган өкмөттүн кеңешмесинде билдирди.

"Бүгүнкү күндүн талаптарын эске алуу менен биз 2021-жылга бюджеттин айрым параметрлерин өзгөртүүгө аргасызбыз. Анткени 2020-жылы республикалык бюджеттин кирешеси пландаштырылгандан төмөн болгондуктан, бюджет тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. Ошондуктан биз 2021-жылга айрым чыгашаларды кыскартууга аргасызбыз. Буга катар Финансы министрлигине бир ай ичинде министрлик жана ведомстволордун зарыл деп эсептелген айрым чыгымдарды кошуу тууралуу сунуштарын карап чыгууну тапшырам. Ага катар бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди карап чыгуу керек. Мында негизги орун бажы жана салык кызматтарына тийиштүү. Коюлган максаттарга жетишүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары электрондук эсеп-фактуралары, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган тутумдар, виртуалдык ККМ, электрондук коштомо документтер, эркин посттор программасы боюнча маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү фискалдаштыруу тутумун киргизүү саналат. Бул аракеттер мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин ишин да жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылкы пандемия шартында да оңдуу жыйынтыктарын берди. Мисалга Салык кызматы ай сайын планды 1 миллиард сомго чейин аткарууда. Бизде мындай пландар көп жана алардын негизги бөлүгүн 2021-жылы ишке ашыруубуз керек", - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы бажы тутумундагы бюджет үчүн пайдалуу программалардын ишке ашырылышын да белгиледи.
"Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бажы тутумундагы тажрыйбаларды эске алуу менен биз бажы постторунда да көп функционалдуу АСИКУДА программасын ишке киргизүүнү чечтик.
Программа бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана анын толукталышынын ачыктыгын камсыздайт. Мурда жарандардын бажы кызматына ишенбөөчүлүгүн пайда кылган нерселер четтетилет. Мындан тышкары мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча пландар бар. 2021-жылга карай биз 30 миллиард сом чогултууну пландап жатабыз, ал мультипликативдик натыйжалуу ички мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. 1 миллиард 900 миллион сомдук мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлгөн, анын каражаты пландаштырылбаган чыгымдарга багытталат. Белгилей кетсем, 2021-жылы коммерциялык банктардын пайыздык ченемдерин субсидиялоого, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, экономиканы санариптештирүүгө, мамлекеттик ипотекага, капиталдык салымдарга чыгымдар каржыланат", - деп белгиледи өкмөт башчы.
Кубатбек Боронов 2021-жылга туура келүүчү тышкы карыздарды төлөө боюнча пикке жакындап бара жаткандыгыбызды жана аны реструктуризациялоо боюнча иштер улантылып жаткандыгын эскертти.
"Бардык кыйынчылыктарга карабасатан, өкмөт өзүнө алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруусун улантат", - деди премьер-министр.