Бүгүн, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
"Саясий партияларга кайрылып кетким келет. Ар бириңер бири-бириңерге сый мамиле жасап, коомду дүрбөлөңгө салбай, шайлоонун жыйынтыгын таанууда саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырам. Партиянын лидерлери саясий эрктүүлүктү көрсөтөт деп ишенем.
Шайлоого даярбыз. Менин оюмча, ар бир жаран өзүнүн жарандык милдетин аткарып, шайлоого катышып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга, партияларга шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү кызматкерлерге санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырабыз", - деди ал.