Депутат Дастан Бекешев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкты

Кечээ, 1-октябрда депутат Дастан Бекешев УКМКнын СИЗОсунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкты.

Бекешев SUPER.KG порталына билдиргендей, Атамбаевдин ден соолугу жакшы. "Эми жакшы деп айтканы менен ал жак СИЗО да. Атамбаев менен ар кандай темада сүйлөштүк. Так эмне жөнүндө сүйлөшкөнүмдү айта албайм", - деди Бекешев.

Ал бул жолугушуу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына дагы жазып чыкты. "Атамбаевдин жасаган иштеринин бардыгы туура болгон жок, чоң каталар дагы болгон. Бирок ал биздин өлкөнүн өнүгүшүндө ролу бар. Анын ишмердүүлүгүнө тарых калыс баа берет", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан