“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Бишкек шаарындагы №1219 шайлоо участкасында добуш берди. Ал шайлоого кичүү кызы Айдемини ээрчите келди.
“Бүгүнкү күн кызым экөөбүз үчүн майрам. Маанайыбыз абдан жакшы, кичүү кызым дайыма мени колдоп жанымда жүрөт. Бүгүн да шайлоого колдоо көрсөтүп чогуу келди. Шайлоо таза өтүп, элибиз татыктууларды тандайт деп ишенем”, - деди Алтынбек Сулайманов.
Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага жалпы 16 саясий партия ат салышууда.