Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айыл өкмөтүндөгү "Темерок" бала бакчасында жайгашкан №7412 шайлоо участкасында саат 18:25 убактысы менен добуш берүүчүлөр дагы деле болсо кезек күтүп добуш берип жатышат.
Эртең менен башталган шайлоо тартип бузууларсыз өтүп жатканын уюштуруучулар маалымдашты.
Жалпы форма-2 менен 2100 жаран каттоодон өткөн, анын ичинен 986 жаран добуш беришти. Шайлоочулардын добуш берүүсү дагы уланууда.