Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева: "Өлкө башчы азыркы учурда Бишкекте"

"Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана саясий күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенерин билдирүүдө. Ал өзүнүн бардык күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат. Биринчи кезекте, бул өлкөдө бир күн мурун өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу". Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Ал учурдагы түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, президент Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга чейин мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылып жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү башынан өткөргөн жана тынчтык менен туруктуулуктун баасын абдан жакшы билишет. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков бардык күч-аракеттери жакынкы убакытта өлкөгө тынчтыкты кайтарууга багытталарын белгилейт. Мамлекет башчы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат. Азыркы учурда ал Бишкекте", - деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан