Мадумаров: "Координациялык кеңеш түзүлдү"

Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Ага "Социал-Демократтар", "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол", "Замандаш" партиялары кирди. Парламент чогулуп, жаңы өкмөттү түзүшү керектигин айтты.

Ошону менен катар эле Мадумаров президенттин кайрылуусу боюнча кабары жок экенин айтты. "Бизге кечээтен бери телекөрсөтүү эмес, "укуктук талаага кирели" дейт турган болсо кечээ билдириши керек эле", - деди ал.

Координациялык кеңешти Мадумаров жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан