Жаңы өкмөттүн курамына адис адамдар керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда брифингде "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.
"Жаңы өкмөттүн курамына тажрыйбалуу инсандар керек. Мага караштуу кишилер болуш керек дегендин кесепети ушундай болуп жатат", - деди ал.
Саясатчы Равшан Жээнбеков: "Учурда саясатчылардын максаты - бийлик бөлүү эмес, азыркы күндөгү актуалдуу маселе жарандардын коопсуздугу жана өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу", - деди.