Мурдагы депутат, маданий ишмер "Айтыш" коомдук фондунун түптөөчүсү Садык Шер-Нияз партия лидерлерине кайрылуу жолдоду. Видеону ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Өз сөзүндө ал партия лидерлерин ынтымакка чакырып, өзүлөрүнүн амбициясы үчүн эмес, Кыргыз өлкөсү үчүн иш-аракеттерди көрүү керектигин белгилеп, алар ыймансыздыктын, бети жоктуктун үлгүсүн көрсөтүп жатканын айтып өттү.