Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрү күтүлүүдө. Жыйынга саясатчы Камчыбек Ташиев келди. Ал жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлөрүн айтты. Ташиевдин пикиринде, бул коомчулуктун талабы.
Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолукканын билдирди.