Беларусь өлкөсүндө жашаган Курманбек Бакиевдин өлкө аймагында болуп жаткан окуяларга жүрөгү ооруп, кайгыруу менен кабыл алып жатканын “РИА Новости” маалымат булагына билдирген.
"Мекеним Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга жүрөгүм ооруп жатат” деген ал билдирүүсүндө.
Өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берүү тууралуу суроого ал: "Менин ар кандай сөздөрүмдү деструктивдүү күчтөр чыр-чатакты козгоо үчүн колдонушу мүмкүн экендигин эске алганда, мен бул суроого комментарий берүүдөн алысмын", - деп жооп берген Бакиев.