Саясатчы Садыр Жапаров премьерликке анын талапкерлиги боюнча депутаттар чечим кабыл алып бериши керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн ал журналисттерге билдирди.
"Менин суранычым депутаттар мыйзамдуу жол менен талапкерлигимди бекитип берсе стабилдүүлүк орнойт. Аянтка чогулган элди тарагыла десем тарабай жатат. 61 депутат чечим кабыл алып бериши керек. Мейли, каршы же макул деп чечим кабыл алып бериши кажет. Депутаттар ар кайсы жакка бөлүнүп жатат. Кээ бир депутаттар сабайт деп коркуп жатышыптыр. Бир дагы депутаттын чекесине чертиле элек", - дейт ал.