"Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Алар өзүн-өзү кызматтарга дайындап алгандарга каршы экенин айтышууда

Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Алар өзүн-өзү кызматтарга дайындап алган саясатчыларды сындаган митинг өткөрүп жатышат.

Митингде Эльдияр Абакиров, Тилек Токтогазиев, Улан Үсөйүн жана башкалар катышууда. "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова бир дагы партия, бир дагы саясатчы митингди жасаган жоктугун айтты.

Кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан