Тилек Токтогазиев: "Жаңы өкмөттү түзөбүз. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эски жүздөр" (митингдеги урунттуу учурлар)

Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Алар өзүн-өзү кызматтарга дайындап алган саясатчыларды сындаган митинг өткөрүп жатышат.

Митингге "Реформа", "Республика", "Ата Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" партиясынын өкүлдөрү катышууда.

2020-10-07 15:20:00

Эльвира Сурабалдиева: "5-октябрда биз аянтта жүргөндө Камчыбек Ташиев бийлик менен соодалашып жүрүшкөн. Алардын партиясынан чыккан Садыр Жапаровду көрсөтүп жатышат. Депутаттардын корккондору менен колдонуп, басым көрсөтүп алып келишти", - дейт.

2020-10-07 15:13:00

"Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов: "Тилек Токтогазиев өзүн премьер-министрмин дегени туура эмес болуп калып жатат. Бул жакта нааразы партиялар кошулуп ушул абалдан кантип чыгабыз деп чогулуп отурганбыз", - деди.

2020-10-07 15:09:00

Тилек Токтогазиев жаңы өкмөт түзүп, кайра шайлоо болот. "Кечээги Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны легитимсиз. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев дагы эски жүздөр", - дейт ал.

2020-10-07 15:00:00

Тилек Токтогазиев Өкмөт үйүнө кирип кетти.

2020-10-07 14:44:00

Тилек Токтогазиев жаңыланууну каалап жатышкандарын айтты.

2020-10-07 14:37:00

Тилек Токтогазиев: "Жаштардын атынан премьер-министрликке көрсөтүлүп жатам. Биз эски, чириген кишилерди сууруп чыгабыз. Сооронбай Жээнбеков ордун бошотсун деп талап кылабыз. Акылдуу, күчтүү чет өлкөдөгү жаштарды алып келебиз. Садыр Жапаровдун тарапташтары аз эле. Садыр Жапаровдор Бакиев менен иштешкен. Азыр Жээнбековдор жана Матраимовдор менен иштешип жатат", - деди.

2020-10-07 14:28:00

Митингдин катышуучуларынын ортосунда мушташ орун алды.

2020-10-07 14:18:00

Тилек Токтогазиев: "Бул жерде азыр эшик ачылат. Акырын тургулачы", - деди.

2020-10-07 14:15:00

"Эскилерге жол жок, жаштар алдыга" деген жазууну көтөрүп алган митингдин катышуучусу бийликке жаштар келиши керектигин айтты.

2020-10-07 14:02:00

Митингдин катышуучулары Өкмөт үйүнө барышып, Тилек Токтогазиевди киргизүүгө аракет кылып жатышат.

2020-10-07 13:00:00

Митингчилер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүүнү талап кылып жатышат.

2020-10-07 12:50:00

Эльвира Сурабалдиева: "Бир бала каза болуп калды. Ошонун арбагын сыйлап 10 секунд жаагыңарды жаап турасыңарбы? Импичмент маселеси турат. Импичмент болбосо президент кетпейт", - деди.

2020-10-07 12:30:00

Митингге Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев келди. Катышуучулар импичмент деп кыйкырып жатышат.

2020-10-07 12:27:00

Мирлан Жээнчороев: "Өкмөттүн шайлоосу ачык өтүшү керек. Парламенттерди чогултуп, легитимдүү шайлоо болуш керек. Бүгүн депутаттар жумушка чыксын. Эгер кечке чейин жумушка чыкпаса ар бирин үйүнөн алып чыгабыз", - деди.

2020-10-07 12:25:00

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева: "Жогорку Кеңеш чогулуп, импичмент маселесин карап чыгышы керек. Митингде каза болгон 19 жаштагы баланы эсептебей туруп, кызматтарды талашкан туура эмес", - деди ал.

2020-10-07 00:00:00

Митингге Садыр Жапаровдун дагы тарапташтары келген. Эки тарап ортосунда пикир келишпестиктер болууда. Жапаровдун колдоочулары Тилек Токтогазиевди Өкмөт үйүнө киргизбей жатышат. 

2020-10-07 00:00:00

Клара Сооронкулова: "Азыр жарандык согуш чыгып кетүү коркунучунда туруп калдык", - дейт.

2020-10-07 00:00:00

Максат Мамытканов менен Эльвира Сурабалдиеванын ортосунда талаш-тартыш жаралды. Сурабалдиева Мамыткановго кайрылып: "Силер жаштар Ак Үйгө кирген убакта жок болчусуңар лидериңердин бири качып кеткен болчу. Мен да жок болчумун. Азыр келип кызмат талашып жатканыңар жаштардын кыжырын келтирип жатат. "Мекенчил" партиясы бийлик менен соодалашкан", - деди.

Мамытканов Сурабалдиеванын сөзүн четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан