Бир суткада 169 жаран кайрылды. Митинг башталган күндөн бери жабыркагандардын саны 911ге жетти

Митинг учурунда жаракат алып медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 911ге жетти. Маалымат бүгүн, 7-октябрь күнү саат 12:30га карата алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акыркы суткада 169 жаран медициналык мекемелерге кайрылды.

"Ооруканага кайрылган жалпы бейтаптардын 705и биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ал эми 205 жаран дарылануу үчүн бейтапканаларга жаткырылып, анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бардык бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө".

* Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жалпы 452 жаран кайрылса, анын 82си ооруканага жаткырылды. 1 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук госпиталга жалпы 269 киши кайрылып, 85и дарылануу үчүн жаткырылды. Анын ичинен 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 эркек киши каза болду.

* №1 шаардык клиникалык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган 58 жаран кайрылып, 10 киши бейтапканага жаткырылды.

* Чүй облустук ооруканасына 113 киши кайрылып, анын 12 бейтабы ооруканага жаткырылды. Калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

* Улуттук хирургия борборуна 20 киши кайрылып, 16сы медициналык жардам алууда.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан