Бүгүн, 7-октябрда өкмөт үйүндө парламенттик шайлоодо ат салышкан партиялардын өкүлдөрү чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Жыйынга катышкан Жанар Акаев буларды билдирди. "Милиция ишке чыксын. Эл аларга баш ийсин! Жогорку Кеңештин депутаттарын чогултуп убактылуу спикер дайындап, элди тынчыталы. Болбосо крим дүйнө баш көтөрүп, ишкерлер коркунучта", - деди ал.