Садыр Жапаров журналисттерге брифинг уюштуруп жатат.
"Кыргыз элине кайрылгым келип турат. Кечээ парламент чогулуп, көпчүлүк добуш менен мени шайлашкан. Өкмөт үйүнө барып кеттим. Бир топ өкмөт үйүнө бара жатыптыр. Өкмөттүн иши токтоп калган жок. Бардык курам иштеп жатат. Ар кайсы күчтөр аракет кылып жатышат. Өкмөт үйүн ээлеп алышыптыр, бүгүн кырдаал оор, 300дөй киши кирген экен. Бийлик талаша турган убакыт эмес. Легитимдүү премьер-министр катары иштеп жатам. Бир-эки күчтүн артында чоң күчтөр турат. Курал таратуу пландарын түзүп жатыптыр. Андай боло турган болсо, аттарына чейин айтып, жалпы элге кайрылуу жасайм", - деди ал.
Кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган.