Бүгүн, 7-октябрда Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал президент менен жолуга электигин билдирди.
"Президент менен жолуга элекмин, кайда экенин да билбейм. Сөзсүз түрдө аны менен жолугушубуз керек. Менин жеке оюм арыз жазып берүүсү зарыл. Өзү арыз жазып берип кетиши шарт", - деди ал.
Кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында бул чечимге каршы митинг өтүп, Тилек Токтогазиевди бул кызматка көрсөтүп жатышат.