Садыр Жапаровду колдоо митингинде элдик кошуун өкмөт үйүн кайтарып турушат. Алар эртеден кечке иш алып барып жатканын айтышууда. Бишкек шаары боюнча элдик кошуундун 5-6 тобу бар.
Учурда Садыр Жапаровдун тарапташтары "Эл Садыр Жапаровду колдойт" деген ураан менен митинг өткөрүп жатышат.
6-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган. Ошол эле учурда Жапаровдун премьер-министр болушу легитимсиз деп айткан топ дагы болуп жатат.