Учурдагы абалга карабастан пенсия, жөлөк пул, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
"2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээли боюнча иреттелиши керек. Ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгым беренелери убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жана социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылат. Ошондой эле пандемияга каршы күрөшүүгө жана күз-кыш мезгилине даярдыкка тийиштүү артыкчылыктуу чыгымдар аткарылат. Бизде акыркы окуяларга байланыштуу пайда болгон айрым пункттар боюнча кечиктирүүлөр бар, бирок социалдык төлөмдөргө каражаттар бар жана алар өз дарегине жеткирилет", - деди вице-премьер-министр.
Жыйындын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди караштыруу керектиги белгиленди.
"Бул процессте Бажы жана Салык кызматы негизги ролду ойнойт. Бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири – фискалдаштыруу тутумун киргизүү. Мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана эмес, ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө да жардам берет. Бажы кызматы жөнүндө айта турган болсок, бул жерде башка өлкөлөрдө жакшы натыйжаларды көрсөткөн программаларды киргизүү маанилүү", - деди ал.
Жыйындын катышуучулары инвестициялык программаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга бул объекттерге көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.