Тактыдан кулатылган Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызматтан кетүү жарлыгына кол койду

Тактыдан кулатылган Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызматтан кетүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды.

"Жарлыкка ылайык, премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан