Кремлдин сайтында жарыяланган маалыматка Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктагандардын катарына тактан кулатылган Сооронбай Жээнбековду кошпой коюшту.
Буга чейин Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева эл тарабынан куулган президент Орусиянын мамлекет башчысына куттуктоо жөнөткөнүн билдирген эле.