Эльвира Сурабалдиева: "Сооронбай Шарипович, 4 күндөн бери эмнени күтүп отурдуңуз!?"

Бүгүн, 9-октябрда “Кылмыштуу топторсуз мамлекет”: “Акыркы Үмүт” тынчтык маршы өтүүдө. Анда айрым депутаттар дагы катышып, сөз сүйлөштү.

Эльвира Сурабалдиева: "Абал оорлошуп кетти. Буга бир катар окуялар себепкер болду. 5-октябрда борбордук аянтка шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап менен 13 партиянын өкүлдөрү бириккенбиз. Саат 20:00гө чейин убакыт бергенбиз. Ошондо биздин тарапташтарга саат 20:00гө 10 мүнөт калганда чалып, 2 лидерди Ак Үйгө жөнөткүлө, сүйлөшөбүз дешти. Лидерлер Ак Үй тарапка бара жаткан үн берүүчү граната, көздөн жаш агызуучу заттарды ыргытышты. Трибунада тургандарга дагы ыргытты. Бул жерде бизди алдап, атайын күттүрүп, эл ачууланып Ак Үй жакка кеткенде чачыратабыз дешти.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалга жооптуу - бул бийликтеги адамдар. 4 күн күттүрүп, ызы-чуудан кийин премьер-министрдин отставкасын кабыл алды. 4 күн эмнени күттүңүз, Сооронбай Шарипович?! Бир бала каза болуп калды, эмнени күттүңөр!? 2 күндөн бери криминалдар депутаттарга Садыр Жапаровду премьер-министр кылганга кол коюп бергиле деп жатат.

Биздин бир эле талабыбыз бар болчу. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан