Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте кайрадан митинг өтүп жатат. "Медиа-Форум" имаратынын алдына топтолгондорго "Республика" партиясынын тарапташтары келип кошулуп, биргеликте "Ала-Тоо" аянтына келишкен.
Митинг өтүп жатканда ок атылгандай үндөр угулуп, элдин качып бара жатканын көрсөткөн видео тарады. Видеодо көрүнгөндөй, коркуп, шашылып качып бара жаткандардын арасында желек кармаган адам жыгылып түштү.