Дастанбек Жумабеков Садыр Жапаровго "Келген күнүңүздү эмес, кеткен күнүңүздү ойлоңуз" деп кеңеш берди

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралып жатат.

Анда депутат Дастанбек Жумабеков Садыр Жапаровго "келген күнүңүздү эмес, кеткен күнүңүздү ойлоңуз" деп кеңеш берди.

"Сизге бир сунуш, келген күнүңүздү эмес, кеткен күнүңүздү ойлоңуз деген жакшы сөздү эске тутуп алсаңыз. Жогорку Кеңеш сиздин талапкерлигиңизди бекитет деп ишенебиз. Жакшы баяндама жасадыңыз. Депутаттар качып кетти деп айттыңыз, мен сиз менен жолугуп, төрагалыкты эмнеге таштап кеткенимди айткам. Мамлекетте туруктуулук сакталсын деп төрагалыкты тапшырып бердим. Коррупцияга каршы күрөштү улантсаңыз деп айтып кетет элем", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан