Саясий серепчи: "Ички алаканы чечип албасак, сырткы алака түзүлбөйт. Эл аралык коомчулук колдобойт"

Кыргыз өлкөсүндө соңку күндөрү орун алган окуялар дагы деле дүйнө жүзүнүн көңүл чордонунда калууда. Бүгүнкү күнгө карата массалык баш аламандыктар токтоп, саясий абал турукташканы менен суверендүү мамлекет катары ички жана тышкы алака жаатында укуктук талаага чыгуу меселеси курч бойдон турат. Мындай пикирди саясий серепчилер менен юристтер айтып келет.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы саясий серепчи Алмаз Тажыбайга өлкөнүн учурдагы абалына байланыштуу суроо менен кайрылды.

- Азыркы түзүлгөн кырдаалда Кыргыз өлкөсү толугу менен укуктук талаага чыга алабы жана ага канча убакыт керек?

- Азыркы кырдаалда укуктук талаага чыгуу үчүн саясий күчтөр аракет кылып жатат. Анын арасында саясий лидерлер жана ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков дагы үнүн кагып жатат. Алар саясий абалды курчутпай, укуктук талаага кирүү үчүн бардыгын мыйзамдын негизинде жасаш керектигин эскертишүүдө. Биздин мамлекет Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка келиши боюнча мыйзам процедураларын так иштеп чыгыш керек.

Эгерде андай болбосо дагы да саясий баш аламандык, бийликти талашмай жана нааразычылык боло берет. Бул учурда коменданттык саат же өзгөчө кырдаал киргизилгенине карабай, баш аламандык болуп кетиши ыктымал. Экинчиден, баарыбыз тең элди, улутту бириктирүү үчүн бирдиктүү консенсуска келишибиз зарыл. Ал үчүн баарыбыз бир тегерек столго отуруп, дегеле азыркы абалдан эмес, жалпы эле өлкөнү алдыга жылдыруу боюнча кеңешүү керек. Башкача айтканда, ар бири өз оюн айтуу үчүн бирдиктүү трибуна берилиши керек.

- Мындай шартта эл аралык колдоого ээ боло алабызбы? Себеби коронавирус күчөп келе жатат. Бизге чет жактан гуманитардык жардам берилеби?

- Эгер ич ара сүйлөшө албай, укуктук, юридикалык негиздерди оңдоп албасак, албетте, эл аралык коомчулук колдобойт. Бул биздин экономикабызга дагы, тышкы саясатка дагы таасирин берет.

Андыктан атаандашуу, кворум менен алып келинген өкмөт башчы шайланбаса, эл аралык мамилени түзүү оор болот. Негизи мен кыргыз элин ынтымакка чакырып кетет элем. Саясий лидерлер, саясий күчтөр өз амбицияларын тыштап, сүйлөшүүгө барышы керек. Ал сүйлөшүүлөр азыр жүрүп жаткандай жашыруун эмес, ачык болушу шарт. Жогоруда айтып өткөндөй, элдин кызыкчылыгы үчүн баары бир тегерек столго отуруп, ар бири өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк алса жакшы болмок.

Азыр жашыруун сүйлөшкөн убакыт өттү. Мындай жашыруун сүйлөшүүлөрдө башка сөз айтылып, элге башкача маалыматтар берилип келгени маалым. Биздин мамлекет алдыга жылуу үчүн бизге чындык керек. А чындык деген бардыгы ачык-айкын болуп, ар биринин ой-пикири угулганда гана келет. Бул жерде саясий технологиянын деле кереги жок.

Болгону нукура кыргыз эли колдонгон ыкма сыяктуу эле баары бир жерге, бир столго чогулуп, маселени чогуу жана сөзсүз түрдө коомчулук үчүн ачык-айкын чечиши керек. Балким, бул үчүн онлайн трансляция уюштурса болот. Ошондо гана бизде демократиянын үстөмдүгү орнойт.

Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор нааразычылык акциясына чыккан. "Ала-Тоо" аянтына чогулган элдин саны көбөйүп, натыйжада укук коргоо органдары менен митингдин катышуучуларынын ортосунда кагылышуу орун алган. 6-октябрга караган түнү митингге чыккандар тарабынан Ак Үй басып алынган жана башка массалык баш аламандыктар башталып, УКМКнын СИЗОсунда жана түзөтүү колонияларында жаткан мурдагы саясатчылар бошотулган. Анын арасында мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, саясатчы Садыр Жапаров чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан