11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Таластагы азык-түлүк дүкөнүндө жигит классташ баласын бычактап салган окуя катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардагы дүкөндө болжол менен саат 05:00 чамасында 23 жаштагы жигит бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Ага шектелип маркумдун классташы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, майрамдан кийин балдар дүкөнгө барып, ал жактан бул каргашалуу окуя орун алган.