"Тазалыктын" кызматкерлери Бишкек шаарын калыбына келтирип жатканы боюнча сүрөттү мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жарыялады.
Митинг учурунда шаарга 17 миллион сом зыян келтирилди, 12 автобус, ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин 16 унаасы талкаланган. Ошондой эле "Тез жардам" кызматынын 6 унаасы зыянга учураган.