Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүү алдында турат. Депутаттар чогулганга чейин депутат Жанар Акаев журналисттердин суроосуна жооп берди.
Анда журналист депутаттын жаракат алган бутуна кызыкты.
"Жаракат алганым чын. 3 күн дарыгердин көзөмөлүндө болдум, азыркы тапта баары жакшы. Бутум тууралуу ар кандай сөздөр тарап кетиптир, аны мага жиберип жатышат. Ишенбесеңер шымымды чечип көрсөтө алам", - деди Акаев.