Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму өтүүсү күтүлүүдө. Анда жыйын 16:00дө болот деп белгиленген. Бирок азыркы тапта депутаттар дагы деле чогула элек. Кворум үчүн 61ден жогору эл өкүлү болушу керек. Азыркы тапта 59 депутат чогулду.
Жыйынга депутат Эльвира Сурабалдиева дагы келди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жыйынга аны эч ким чакырбаганын, маалымат булактарынан окуп келгенин билдирди.
"Жыйынга мени эч ким чакырган жок. Бирок мен маалыматты социалдык тармактардан окуп, өзүм келдим. Азыркы кырдаал боюнча айтсам, абал оор боюнча эле турат. Ал эми бүгүнкү жыйынга кворум үчүн келдим, бул менин депутаттык милдетим", - деди Сурабалдиева.