Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулууда. Вице-спикер Аида Касымалиеванын айтымында, 61 депутат чогулду. Жыйын бир нече убакыттан кийин башталарын айтты.
Депутаттардын айтымында, жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси, спикер кызматына Канат Исаевдин талапкерлиги каралат.