Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө.
Анда депутат Нурбек Алимбеков спикерликке Канат Исаевдин талапкерлигин сунуштап жаткандарын айтты. Депутат Төрөбай Зулпукаров жалпы баарыбыз Канат Исаевдин талапкерлигин колдоп берели деген оюн айтты. Анын сунушун депутат Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев дагы колдоду.