Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда спикерликке Канат Исаевдин талапкерлиги каралууда.
"Биздин өлкөдө парламенттин орду бийик, парламент четте калып калбашы керек. Премьер-министрдин шайланышы боюнча кайчы пикирлер бар. Кыска мөөнөткө болсо дагы төрага катары милдетти аткарабыз. Ызы-чуунун баары шайлоодон башталды. Шайлоого байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", - деди ал.