Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеш Канат Исаевди төрага кылып шайлады.
Мирлан Жээнчороев: "Бийликтин үч башында турган инсандар толкунду эске алышыңар керек. Конституция боюнча көптөгөн укуктарга ээсиз. Адилетсиздикти жоюуга аракет жумшашыңыз керек. Темирлан Султанбеков, Курсан Асановду камактан чыгарышыңар керек. Сиз абакта жатканда кошоматчылар жаныңыздан кетип калган, ошондо биз сиз менен турганбыз. Элди ынтымакка чакыралы", - деп Канат Исаевге кайрылды.