Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда Канат Исаев төрага болуп шайланды. Вице-спикер Аида Касымалиева сөз сүйлөдү.
"Акыркы аптада Жогорку Кеңеште эки эркек депутат бар деп айтышты. Анын бири Строкова, экинчиси Касымалиева дешти. Мен Строкова экөөбүз эркек деп аталганыбызга сыймыктанам. Ушул күнгө жеттик. Баарыңыздардын жүзүңүздөрдү көрдүк. Кызмат үчүн кандай гана нерсеге барган жоксуңар", - деди ал.