Мыктыбек Абдылдаев парламенттин саясий аренада калууга моралдык укугу жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Моралдык климат боюнча бүгүнкү күндө парламенттин таркаганын туура деп эсептейм. Президент жана өкмөт ордунда калып, жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп, өз ишин баштай турган жаңы өкмөттү шайлашы керек. Бул канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот. Бул жерде эч кимдин саясий аренада узак кармалуусуна моралдык укугу жок", - деди ал.
Анын пикиринде, президент бардык токтомдорго жана дайындоолорго кол койгондон кийин парламент өзүн-өзү таркатышы керек.