Бүгүн, 14-октябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденцияда 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду.
Күн тартибинде өкмөт башчыны жана анын курамын бекитүү каралууда.
Жыйынга келген Садыр Жапаров акыркы убакта коомчулук тарабынан талкууга алынган жаштарды СИЗОго кармоо боюнча оюн билдирди:
"Саясий куугунтукту мен, менин үй-бүлөм, бир туугандарым сезген. Мен аны өз башымдан өткөргөн адам катары саясий куугунтукка барбайм. Курсан Асанов жана башка камалгандар боюнча ачык айтайын, бул менин ыйгарым укуктарыма кирбейт. Аларды мен каматкан жокмун. Социалдык тармактарда кайрылып жаткан жаштарга айтып кетет элем. Темирлан Султанбеков боюнча укук коргоо органдары мага баш ийбейт. Бирок мен күч органдарына жаш балдарды чыгаруу тууралуу оюмду айттым. Калгандарын деле чыгарып койгула дедим. Балким, үй камагына чыгарып, териштирүү жүргүзөт, күнөөсү болсо мыйзам чегинде камалат, жок болсо эркиндикке чыгат. Эң негизгиси адилеттүүлүк болсун", - деди Жапаров.