Садыр Жапаров анын өкмөт башчы болуп дайындалышына каршы чыккан саясатчыларды ким коркутуп жаткандыгын билбейт. Бул тууралуу ал парламенттин кезексиз отурумунда билдирди.
Депутат Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун тарапташтары аны гана эмес, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин да коркутуп, премьер-министрди дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коюуну талап кылып жаткандыгын белгиледи.
"Ким кимди коркутуп жаткандыгын билбейм. Экинчи жана үчүнчү күчтөр иштеп жатышат, мени уюшкан кылмыштуу топ менен байланыштырууга аракет кылышууда. Бирок менин аларга кыпындай да тиешем жок", - деди Жапаров.