Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен мурунку мэр Албек Ибраимов абакка дагы деле кайтып келе элек. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө кызматы иштеп жатат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.