Садыр Жапаров президенттин отставкасы тууралуу маселе бүгүн чечилерин билдирди

Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчы Садыр Жапаров "Ала Арча" резиденциясында маалымат жыйын берип, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Анда журналисттер тарабынан президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроо узатылды.

"Президент менен алгачкы жолу сүйлөшкөндө, ал өлкөнү мыйзамдуу жолго салып коюп, 3 күндүн ичинде арыз жазып кетери тууралуу айткан. Андан бери 10 күн өттү. Ошондуктан бүгүн президентке келишимди аткаруу боюнча сунушумду билдирем. Ал эми макулдашууну президент аткарабы же жокпу өзү чечет. Отставка тууралуу чечим менин талабым эмес, элдин талабы болгон", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан