Садыр Жапаров өкмөт башчы катары биринчи аткаруучу ишин айтты

Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчы Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Журналисттер тарабынан өкмөт башчыга ишке киришери менен биринчи кезекте каралчу маселе тууралуу суроо узатылды.

"Биринчи кезекте экономика жаатын жана бюджеттин аткарылышын карайбыз. Бул боюнча эртең тапшырмалар берилет. Андан кийин өкмөттүн пресс-кызматы аркылуу толук маалымат берилет. Бул маселелер менин өкмөт башчы катары биринчи кезекте жасай турган иштерим болот", - деп жооп берди Жапаров.

Буга чейин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга жалпы 83 депутат катышып, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитишкен.

Ошондой эле 10-октябрда дагы Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитип беришкен. Бирок мыйзамдуулук жагы шек жаратат деген кептер болуп, президент Сооронбай Жээнбеков документти кайра кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан