Кыргыз өлкөсүндөгү учурдагы кырдаал тууралуу Орусия президенти Владимир Путинге катчысы кеңири маалымат берип жатат. Бул тууралуу Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков орусиялык басылмаларга билдирген.
"Президент Владимир Путинге кыргыз тарап менен болгон бардык байланыштар, анын ичинде администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козактын Бишкекте жасаган иш сапары жөнүндө дайыма толук маалымат берилип жатат", - деген Песков.
Мындан тышкары Песков Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал тезинен турукташып, баш аламандыкка айланбашын каалай тургандыгын билдирген.
Кечээ, 13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушкандыгы кабарланган.