Бүгүн, 14-октябрда өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Анда чогулгандар Садыр Жапаровду колдоп, президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Саат 18:30га карата чогулгандардын саны миңден ашты. Айтымдарында, алар Садыр Жапаров келмейин эч жакка кетишпейт. Жапаровдун 7 облустан келген тарапташтары сөз сүйлөп, маданият өкүлдөрү өз позицияларын билдирип, анын резиденциядан чыгып келишин күтүп жатышат.