Жакынкы күндөрү өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн кеңеш берүү максатында БУУнун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча (РЦПДЦА) башчысы Наталья Германдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусия чыныгы союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары, кырдаалдын биринчи күндөрүнөн тартып, өлкөнүн мындан аркы туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түзүүдө мамлекет башчысына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр болуп өттү. Владимир Путиндин тапшырмасы менен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак консультация өткөрүү үчүн атайын Бишкекке келген.
Ошондой эле Борбор Азия өлкө башчылары бардык маселелер конституцияны жана улуттук мыйзамдарды так сактоо менен чечилиши керектигин билдиришти. Кыргыз өлкөсүнүн жыргалчылыгы региондогу коопсуздуктун жана бүткүл Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү фактору экендиги белгиленди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн легитимдүү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков экендигин айтып, анын өлкөдөгү чыр-чатакты токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерин колдой тургандыгын билдирди.
Өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу бийлиги менен кызматташууну жакташарын жана учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеген саясий процессти жетектөөдө президенттин чечүүчү ролун баса белгилей тургандыгын айта кетүү керек.
Кыргыз мамлекети легитимдүү өкмөттү шайлоо менен мыйзам алкагына акырындык менен ишенимдүү түрдө кайтып келе жатат. Эл аралык байкоочулардын катышуусу менен эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган, Конституцияга жана өлкө мыйзамдарына ылайык эркин жана акыйкат парламенттик шайлоону өткөрүү милдети кийинки шилтенчү кадам болуп саналат.