Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Мияров дайындалды

Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Мирбек Мияров 1984-жылы Чүй облусунун Жетиген айылында төрөлгөн. Инженер-менеджмент адистиги боюнча жогорку билим алган.

  • 2005-2010-жылдары Бишкек шаардык телефон тармактарында инженер;
  • 2012-2019-жылдары "Моби Строй" ЖЧКсынын башкы директору.

БШК жыйынтыгын жокко чыгарган парламенттик шайлоого "Ордо" партиясынын катарында катышып, партиянын лидери болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан